Быйыл биринчи класска 150 миңдей окуучу кабыл алынды
Быйыл 1-класска өлкө боюнча 150 миңдей бала барат. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Билим берүү жана илим министрлигинен маалымдашты.
Министрликтин айтымында, бул көрсөткүч дагы өзгөрүшү мүмкүн, себеби учурда 1-класска электрондук каттоо бүтө элек.
"Эгерде ата-энелер кандайдыр бир себептерден улам баласын 1-класска каттай албаса, анда алар райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнө же башкармалыгына кайрылышы керек",- деп айтылат маалыматта.
Мамлекеттик жана муниципалдык мектептердин 1-классына электрондук каттоо ушул жылдын 11-апрелинде башталган, ал эртең, 31-августта аяктайт.
Белгилей кетсек, республика боюнча 2 миң 350дөн ашуун мектеп бар, аларда болжол менен 1,5 миллионго жакын окуучу билим алат. Жалпысынан анда 74 миңге жакын мугалим эмгектенет.
Мекемеден билдиришкендей, 1-сентябрга карата жаңы курулган 42 мектеп, 4 спорт зал колдонууга берилет.




