Ошто Абсамат Масалиев көчөсүндөгү жаңы курулган өтмөк колдонууга берилди (сүрөт)









Ошто Масалиев көчөсү менен Навои көчөсүнүн кесилишиндеги жол унаа каттамдары үчүн толук ачылды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ош мэриясынан билдиришти.
Маалым болгондой, Ошто Абсамат Масалиев көчөсүнүн үч чакырым жолуна толук жаңыдан асфальт төшөө иштери 100 пайызга аяктап, бүгүн, 30-августтан баштап колдонууга берилди.
"Ошондой эле А.Масалиев жана А.Навои көчөлөрүнүн кесилишиндеги жөө жүргүнчүлөр үчүн курулган өтмөк да шаар тургундары жана коноктору үчүн толук ачылып, өтмөк аркылуу жүрүүгө уруксат берилди. Өтмөктүн негизги конструкциясы бүттү. Ал эми шаар тургундарына тоскоолдук жаратпаган абалда кошумча жасалчу майда жумуштар жүрүп жатат. Жакынкы аралыкта бүткөрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:30
2025-07-03
15:40
2025-07-03
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.