super.kg logo

Бишкекте эки троллейбус каттамы убактылуу өзгөрөт 

 

Бишкектеги №5 жана 14-троллейбустардын каттамы убактылуу өзгөрөт. Бул тууралуу калаа мэриясынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, 30-августтан 31-августка чейин Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат.

"Бишкек шаарынын суу менен камсыздоо жана канализация тармагын куруу боюнча эл аралык долбоорду ишке ашыруунун алкагында "Профит Экспресс" ЖЧКсы Ахунбаев көчөсүнүн бөлүгүндө канализациялык коллектордун курулушу үчүн жер иштерин жүргүзүүнү пландаштырууда.

31-августта Ахунбаев - Бакаев көчөсүнүн бөлүгү саат 11:00гө чейин жабылганына байланыштуу №5 троллейбустук каттамдын кыймылы жарым-жартылай өзгөрөт. Ошентип түштүк багыты боюнча Абдрахманов, Байтик Баатыр, Аалы Токомбаев көчөлөрү менен каттам уланат. Ал эми №14 троллейбустук каттам саат 11:00гө чейин токтойт", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: