"Барселона" vs Азия: Садыр Жапаров 11-катар саны менен талаага чыгат

Өлкө башчы Садыр Жапаров "Барселона" легендалары" командасына каршы беттешке негизги курам менен чыгат.
Президент каталондук клубга каршы 11-номур менен ойнойт. Ал чабуулдук милдетти аткарат.
Оюн Бишкек убактысы боюнча саат 20:00дө башталат.
Иш-чарага катышуу үчүн буга чейин Кыргызстанга "Барселона" футболдук клубунун президенти Жоан Лапорта, футболчулардан Карлес Пуйоль, Ривалдо жана Людовик Жюли , Хавьер Савиола баштаган футболчулар келишкен. Футболдук беттешке бразилиялык футболчу Роналдиньо да келмек. Бирок анын келбей турганын кечээ Айбек Алимбаев билдирген.
Ал эми кечээ, 29-августта президент Садыр Жапаров Жоан Лапорта жетектеген "Барселона" футбол клубунун өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы болуп өттү.Буга байланыштуу "Барселона" футболдук клубу социалдык тармактагы баракчасы аркылуу Кыргызстанга расмий ыраазычылыгын билдирди.




