Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду
Эгемендик күнүнө карата бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, өлкө башчысы Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө” жарлыкка кол койду.
"Анда өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргызстандын көз карандысыздык күнүнө байланыштуу төмөнкү жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланышты", - деп айтылат маалыматта.
Сыйлык алгандарды президенттин расмий сайтынан көрүүгө болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
14:58
2025-06-25

14:29
2025-06-25

11:43
2025-06-25

11:35
2025-06-25

Рейтинг:
0

