super.kg logo

Белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов дүйнө салды

 

Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 31-августта саат 15:00дө Чыгыш-5 кичи районундагы өзү жашаган үйдө өтөт.

Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган.

1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.

Эмгек жолун 1979-жылы В.В.Маяковский атындагы Кыргыз Мамлекеттик Кыз-келиндер институтунда, (азыркы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде ) окутуучу болуп иштөө менен баштаган.

Өмүрүн чыгармачылыкка арнаган композитор көптөгөн симфониялык, камералык-аспаптык чыгармаларды, кино жана драмалык спектаклдердин музыкаларын, обондорду жаратуу менен бирге эле Бишкек шаарындагы музыкалык окуу жайларда окутуучу болуп эмгектенип, бир катар таланттарды, шакирттерди тарбиялап чыгаруу менен кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө өзүнүн зор салымын кошту.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: