Легендалар беттеши: "Барселона" алгачкы бөлүктө 2:0 эсебинде алдыга чыкты (видео)
Бүгүн, 30-августта Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо "Барселона" легендалары менен Азиянын ардагер футболчулары жолдоштук беттеш өткөрүүдө. Беттештин алгачкы бөлүгүндө 2:0 эсебинде "Барселона" клубу алдыга чыкты. Оюндагы алгачкы голду 26-мүнөттө легендарлуу чабуулчу Ривалдо киргизди. Ал өнөктөшү Людовик Жюлинин көтөрүп берген тобун дарбазага багыттап, алгачкы упайды иштеп тапты.
Ал эми экинчи голду 37-мүнөттө Хуан Пабло Сорин ишке ашырды. Белгилүү аргентиналык футболчу бурчтан көтөрүлгөн топту алыскы аралыктан дарбазага узатып, кооз гол жаратууга жетишти. Муну менен каталондуктар беттеште 2:0 эсебинде алдыга чыгып, биринчи бөлүктү жыйынтыкташты.
Белгилей кетсек, аталган оюнга өлкө башчысы Садыр Жапаров да катышып жатат. Кечээ, 29-августта Жалал-Абадда Орто Азияда биринчи жолу "Барселона" академиясы ачылган.
"Барселонанын" биринчи голу. Ривалдо.
"Барселонанын" экинчи голу. Хуан Пабло Сорин.
