super.kg logo

Төрага Шакиев Өзгөндөгү мектептердин бирине заманбап компьютерлерди алып берүүнү убадалады

 

Кечээ, 30-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Ош облусунун Өзгөн районуна иш сапары менен барды.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, төрага алгач Ана-Кызыл айылында жайгашкан Өмүрзаков атындагы орто мектептин абалы менен таанышты.

"Аталган мектептин бир корпусу 1980-жылы курулса, экинчиси 1988-жылы салынып, үчүнчүсү 1995-жылы ашар жолу менен бүткөрүлгөн. Пайдубалдарында жана дубалдарында жарака кетип, авариялык абалга кептелген мектепте азыр 523 окуучу билим алат. Ага ылайык, жаңы окуу имаратын куруу максатталган. Мугалимдер жана жергиликтүү тургундар төрагадан куруу иштерин тездетүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү.

Жолугушууда Нурланбек Шакиев бул маселеден кабары бар экенин айтып, быйыл долбоорлоо иштери толук аяктаса, 2024-жылы жаңы мектептин курулушу башталарын билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле аталган мектепке заманбап компьютерлерди берип жиберерин билдирди.

Андан соң төрага Кашка-Терек айылында жайгашкан Кулматов атындагы орто мектепке барды. Аталган мектеп 1963-жылы салынып, азыркы тапта авариялык абалда болгондуктан жаңы окуу имаратынын пайдубалына капсула салынды.

"Жергиликтүү эл төрагадан заманбап шарттагы жаңы мектептин курулушун тездетүүгө көмөктөшүүнү өтүнүштү. Анткени авариялык абалдагы мектепте 466 окуучу билим алууга аргасыз.

Капсула салуу аземинде сөз сүйлөгөн Нурланбек Шакиев пайдубалы түптөлүп жаткан мектептен мыкты уул-кыздар тарбияланып чыксын деген тилегин билдирип, тиешелүү мекеме жетекчилерине керектүү каражатты убагында бөлүп берип туруу талабын койду", - деп айтылат билдирүүдө.

Муну менен катар жолугушууда жергиликтүү тургандар Өзгөн шаарын айланып өтүүчү жол Кашка-Терек айылы аркылуу өтөрүн белгилеп, аны тездетип бүткөрүү зарылчылыгын кошумчалашты.

Эскерте кетсек, төрага Шакиевди депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Данияр Төлөнов, билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: