Нурланбек Шакиев Өзгөндөгү 90 орунга ылайыкталган бала бакчанын долбоорун сынга алды









Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Оштун Өзгөн районуна болгон иш сапарынын алкагында Алга айылында жайгашкан “Азада Апа” балдар бакчасынын абалы менен таанышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан билдирди.
"Аталган бала бакча 1981-жылы чабандар үчүн курулган жатаканага жайгаштырылган. Азыркы тапта авариялык абалдагы бала бакчада 60тан ашуун бала тарбияланып, 180дей наристе кезекте турат. Жаңы бала бакча салуу максатталып, долбоору иштелип чыкканы менен курулушу баштала элек", - деп айтылат маалыматта.
Жергиликтүү тургундар менен өткөрүлгөн жолугушууда бала бакчанын курулушу тездетилерин айткан Шакиев, өзү да жардам катары төраганын резервдик фондунан 100 миң сом которорун билдирди.
Ошондой эле төрага 90 орунга ылайыкталган бала бакчанын долбоорун кайра өзгөртүү талабын коюп: “Жылдан-жылга калктын саны өсүүдө. Андыктан дароо эле 150 орунга ылайыкталган заманбап бала бакча куруу зарыл”, – деди.
Андан соң Шакиев Ботобеков атындагы орто мектептин курулуш иштеринен кабар алды. Ушул жылдын октябрь айында ишке берилери күтүлүп жаткан имаратка мамлекет тарабынан 115 миллион сом каралып, өткөрүлгөн тендерден кийин 87 миллион сом сарпталары такталган.
Төрага жаңы мектеп балдардын жаркын келечеги үчүн кызмат кылсын деген тилегин билдирип, тиешелүү жетекчилерди курулуштун сапатына өзгөчө көңүл бурууга чакырды.
Белгилей кетсек, төрага Шакиевди депутаттар Элмурза Сатыбалдиев, Улугбек Ормонов, Данияр Төлөнов, билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Усеков, архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Мырзабек Жыпаркулов баштаган жергиликтүү жетекчилер коштоп жүрөт.
