super.kg logo

iPhone 15 моделинин качан чыга турганы белгилүү болду

 

Apple компаниясы жаңы iPhone 15 моделинин презентациясын 12-сентябрда өткөрөт. Бул тууралуу аталган компаниянын расмий сайтында жарыяланды.

Маалым болгондой, iPhone 15 модели менен жаңы Apple Watch сааты бир убакта колдонуучуларга сунушталат.

Билдирүүдө Wonderlust деп аталган иш-чара Apple Park'тан түз эфир аркылуу көрсөтүлө турганы жазылган. Ошондой эле Apple логотиби боз, көк жана кара түстө камтылганы жана бул iPhone 15 Pro линиясында колдонула турганы маалымдалган.

iPhone 15 жана iPhone 15 Plus iPhone 14 моделине окшош болот, болгону бир нече негизги айырмачылыктары бар. Алсак, экрандын жогору жагындагы оюк динамикалык арал менен алмаштырылат. Lightning портун тез кубаттоо үчүн USB-C портунда да өзгөрүүлөр болмокчу.

Ошондой эле iPhone 15 Pro жана 15 Pro Max моделдеринин кырлары титандан жасалган корпуска ээ болуп, заряддоо порту USB-C менен алмаштырылышы күтүлүүдө.

Эске салсак, буга чейин iPhone 15 моделиндеги уюлдук телефонунун айрым маалыматтарын Bloomberg басылмасы жазып чыккан. Анда адистер жаңы моделдин титандан жасалган корпуска ээ болушу жана камерасынын дагы жакшыртылышы уюлдук телефондун баасынын кымбатташына алып келерин айтышкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: