"Барселона" футбол клубунун оюнчулары "Ош базарына" барды (видео)
Бишкекте "Барселона" футбол клубунун легендалары "Ош базарына" барды. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарады.
Белгиленгендей, "Барселона" футбол клубунун легендалары кечээ, 30-августта Бишкектеги "Ош базарына" барышты. Видеодо алар жан сакчылары менен жүргөндүгүн көрүүгө болот.
Эске салсак, 29-августта президент Садыр Жапаров Жоан Лапорта жетектеген "Барселона" футбол клубунун өкүлдөрү менен жолугушту. Андан соң Жалал-Абад шаарында испаниялык “Барселона” клубунун футбол академиясынын ачылышы болуп өттү.
Кечээ, 30-августта "Барселона" легендалары Бишкектеги жолдоштук беттеште Азиянын ардагер футболчуларын 3:0 эсебинде утуп алды. Оюндагы голдорду 26-мүнөттө Ривалдо, 37-мүнөттө Хуан Пабло Сорин жана 80-мүнөттө Хавьер Савиола киргизди. Аталган беттеште өлкө башчысы Садыр Жапаров да ойноду.
"Барселонанын" легендалары "Ош базарда"
