super.kg logo

Төрага Өзгөндөгү жатак-мектеп интернатына 200 миң сом тапшырды

 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Өзгөн районундагы иш сапарынын алкагында “Салам-Алик” балдардын эс алуу лагеринин ишмердүүлүгү менен таанышып, анда эс алып жаткан Т.Разаков атындагы жатак-мектеп интернатынын окуучулары менен жолугушту.

Парламенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда төрага жеткинчектерге кең келечек каалады. Муну менен катар 1997-жылдан бери аталган жатак-мектеп интернатынын тарбиялануучуларына колдоо көрсөтүп, жыл сайын лагерде эс алдырып, демөөрчүлүк кылып жаткан депутат Элмурза Сатыбалдиевге ыраазычылык билдирип, бул көрсөтүлгөн камкордук келечекке жасалган чоң инвестиция экенин белгиледи.

Жолугушуунун соңунда Нурланбек Шакиев аталган жатак-мектеп интернатына жардам катары 200 миң сомдук сертификат тапшырып, кийинки жылы да каржылык колдоо көрсөтүлөрүн кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: