Бүгүн казак-кыргыз айтышынын финалдык беттеши болот
Бүгүн, 31-августта Оштогу Султан Ибраимов атындагы Ош улуттук драма театрында казак-кыргыз айтышынын финалдык беттеши өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.Маалым болгондой, кечээ Молдо Нияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналган XVI Эл аралык “Айтыш-2023” иш-чарасы башталган. Айтышка жалпы 4 өлкөдөн 16 акын катышууда.
Чет жактан келген төкмөлөр:
Тилек Базар уулу ( Монголия);
Аманжол Куанткан ( Монголия);
Талгат Орынбеков (Өзбекстан);
Казырет Бердикан (Казакстан);
Айшолпан Тилеүтай (Казакстан);
Мухтар Ниязов (Казакстан);
Нурмат Мансуров (Казакстан);
Данияр Алдаберген (Казакстан).
Ал эми кыргыз тараптан:
Азамат Болгонбаев;
Баян Акматов;
Изат Айдаркулова;
Акмат Султан уулу;
Асылбек Марат;
Кубат Тукешов ;
Кутман Садыбакасов;
Чынгызхан Кожошев катышууда.
Эске салсак, төкмөлөргө бир катар белгилүү өнөр адамдары калыстык кылууда. Ал эми айтыштын байге фонду 3 миллион сомду түзөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
11:24
2025-11-03
10:29
2025-11-01
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео















