super.kg logo

Испанияда помидор менен урушуу фестивалы белгиленди (видео)

 

Кечээ, 30-августта Испаниянын Буньоль шаарынын тургундары La Tomatina фестивалын белгилешти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

78 жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан бул фестивалда тургундар бири-бирин помидор менен урушат.

Быйыл бул иш-чарага помидор сатып алуу шаар бийлигине былтыркыдан эки эсе кымбатка түшкөн. Болжол менен помидор сатып алууга 30 миң евро сарпталган. Майрамга жалпы 20 миңдей адам катышкан, алардын арасында Испаниянын гана тургундары эмес, Индия, АКШ, Австралия жана Япониянын да жарандары болгон.

Белгилей кетсек, жыл сайын августтун акыркы шаршембисинде Испанияда "помидор салгылашында" 150 тоннадан ашык помидор колдонулат. Мындай салгылашуу жергиликтүү убакыт боюнча саат 11:00дө башталып, иш-чара телеканалдарда жана социалдык тармактарда көрсөтүлөт. Фестиваль бир жумага созулуп, анын жүрүшүндө ар кандай концерттер уюштурулуп, фейерверктер колдонулат.






видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: