ПОЭТЕРАПИЯ: "Жетпейт сага эч бир өлкө, эч бир шаар, жетпейт сага Берлин, Париж, Москва"
Бүгүн, 31-августта Кыргыз Республикасы эгемендүүлүк алганына 32 жыл болду. 1991-жылы дал ушул күндөн тарта өлкөбүз эгемендүү мамлекеттердин катарына кошулган.
Бул күн ар бир кыргызстандыктын, ата мекенди сүйүүчүлөрдүн, эли-жери үчүн күйгөн инсандардын майрамы.
SUPER.KG порталы Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, акындардын мекен тууралуу ырларын тизмектейт.
Кымбатсыңар
Аз эмес дүйнө жүзүндө,
Ала-Тоо, сендей жерлер көп.
Аз эмес дүйнө жүзүндө,
Ысык-Көл, сендей көлдөр көп.
Пейзажы сулуу сенден да,
Мен көрдүм нечен жерлерди.
Тунугу тунук сенден да,
Мен көрдүм нечен көлдөрдү.
Бирок, сен мага, Ала-Тоо,
Кымбатсын тууган энемдей.
Бирок, мен сени, Ысык-Көл,
Сүйөмүн боордош эжемдей.
Анткени сенде, Ала-Тоо,
Мен өскөн чынар - кыргыз бар.
Сүйөмүн сени, Ысык-Көл,
Сүйүшкөн үчүн кыргыздар.
Байдылда Сарногоев
Мекенге
Жалтаң эмес, жалын кечер мен эрмин,
Жашооң үчүн жанымды да берермин.
Ушул жерден киндик каным тамчылап,
Ушул жерден сүтүн эмгем энемдин.
Көркөмүңө кимдер кандай баш багар,
Билбейм кандай сүрөттөшөт башкалар.
Заманама дем күч берет а менин,
Заңкайган зор, ак калпактуу аскалар.
Көңүлдү эзип, ыза кылса болгон муң,
Келет мекен мээримиңе коргонгум.
Жетпейт сенин көркөмүңө эч бир жер,
Жетпейт сага сулуулугу Лондондун.
Чөгөлөгүм келет сага башты ура,
Четтеп кетсем сагынармын жаш сыга.
Жетпейт сага эч бир өлкө, эч бир шаар,
Жетпейт сага Берлин, Париж, Москва.
Сезим күчөп, күйүп барам күндө мен,
Сендей мекен таппайбыз чын дүйнөдөн.
Калпак кийип, кыргыз болуш опоңой,
Кыргыз эмес, бирок сени сүйбөгөн.
Башка жандар түк тийбесин кутуңа,
Балта тийбес болсун бадал учуна,
Ылай жолдо басканыма кайылмын.
Ыйык мага мекенимдин кушу да.
Аман болсок, шылкыйтпайбыз тууңду,
Каалайм сага кызмат кылып туруумду.
Чарчабастан жазып жүрүп өтөөрмүн,
Чаң ызгыган жолдоруңду, сууңду.
Чал болгуча жазып жүрүп өтөөрмүн,
Чаңкыганда мүрөк болор сууңду.
Максат Жангазиев
Мекеним сага келдим
Мекеним, сага келдим!
Алоолонгон от болуп күйүш үчүн!
Азабыңды түбүнөн билиш үчүн,
Жетпесем да баркыңа чанып кетпей,
Кандай болсоң, ошондой сүйүш үчүн.
Мекеним, сага келдим!
Жамгырыңа чыланып суу болууга,
Душмандардын жолуна чуу коюуга.
Келиш керек өзүңө ар бир кыргыз,
Кыйын күндө кармаган туу колуна.
Эхх, Кыргызстан, сага келдим!
Кычыраган суугуңа тоңуш үчүн,
Кыргыз деген жүрөктө добуш үчүн.
Сен деп келген сапардан артка кайтпайм,
Желегиңдин бир нуру болуш үчүн!
Бул жолумда чаалыгып, чарчабаймын,
Аманатың талаага таштабаймын.
Сөз беремин күнү-түн кызмат кылып,
Ар ишиңди “аттиң” деп баштабаймын.
Ар бир кыргыз
Туулуш керек акыйкат кураганы,
Куу-шумпайдын өчсүн деп кур амалы.
Эбегейсиз өзүңдү сүйгөн үчүн,
Келдим сага баарына чыдаганы!
Канчалаган душманды баскандырсың,
Кайгы ээрчитип санаага баткандырсың...
Сенде билем миллион мендей жан бар,
Эхх, Кыргызстан, сен менде жапжалгызсың!
Сенде билем миллион мендей жан бар,
Эхх, Кыргызстан, а сен менде жапжалгызсың!
Мекеним, сага келдим...
Акбар Кубанычбеков
***
Бактылуу абышкалардай,
Бак-дарак, кайың, талдары,
Шимирип бал жеп жаткансыйт,
Шиберин жеген малдары,
Жомоктой кооз көрүнөт,
Жолунан учкан чаң дагы.
Ташынан учкун чачырайт,
Тулпардын тийсе такасы.
Муңканган торгой үнүнөн,
Муңдуунун тарайт капасы.
Мен үчүн сулуу көрүнөт,
Мекендин жылан, бакасы.
Аалы Туткучев
Кыргыз
Алыска аалам кезип чачылдык биз,
Кыр-кырда кызыл гүлдөй ачылдык биз.
Тарыхка өлбөс өчпөс из калтырып,
Таш тоого тамга болуп басылдык биз.
Сур булут тоскон кезде күнүбүздү,
Сүйдүк да жоготподук тилибизди.
Кыргызбыз! Кыргыз биз! деп кыйыр жондо,
Кылымдап сактап калдык дилибизди.
Кыраңда кыргыз болуп төрөлдүк биз,
Кыйылбай кыйналсак да көбөйдүк биз.
Тагдырда тайгаланып мүдүрүлсөк,
Тоолорду жөлөк кылып жөлөндүк биз.
Асманда жанган сымал чолпон жылдыз,
Алыста ак калпакчан тоолук кыргыз.
Сапралаш өмүр жолу кайберенге,
Кыйырга чыйыр салган ошол биз-биз...
Паанектеп Памир тоону мекендеген,
Ак-калпак улуу кыргыз ошол биз-биз!!!
Өскөнбай Бердибаев


1 |