"Атазов, Түлөбаев, Сыдыков...". Мамлекеттик сыйлык алган депутаттардын тизмеси
Кечээ, 30-августта Эгемендик күнүнө карата бир катар кыргызстандыктар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.
Алар өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишмердигиндеги зор жетишкендиктери үчүн сыйланышканы айтылган. Сыйлык алгандардын арасында бир катар Жогорку Кеңештин депутаттары да бар.
Алсак, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматына эмгек сиңирген кызматкер” деген наам Жогорку Кеңештин депутаттары Гулкан Молдобекова менен Данияр Төлөновго ыйгарылды.
Гулкан Молдобекова -"Альянс" саясий партиясынан депутат, Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары. Кыргыз мамлекеттик университетинин Механико-математикалык факультетин бүтүргөн. 2010 жылы Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын (КСДП) саясий кеңешинин мүчөсү, 2015-жылы аталган партиянын атынан Жогорку Кеңештин депутаты болгон.
Ал эми Данияр Төлөнов - Куршаб бир мандаттуу округунан депутат, Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы. 2015-2020-жылдары "Кыргызстан" саясий партиясынан депутат болуп шайланган.
“Кыргыз Республикасынын транспортуна эмгек сиңирген кызматкери" наамына Ноокен шайлоо округунан депутат болгон Бактыбек Сыдыков ээ болду. Ал "Ата-Журт Кыргызстан" фракциясынын лидери, былтыр Жогорку Кеңештин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин төрагасы болуп дайындалган.
Мамлекеттик сыйлык алган депутаттардын катарына "Свердлов" бир мандаттуу округунан депутат Шайлообек Атазов дагы кирди. Ага “Кыргыз Республикасынын дене тарбиясына жана спортуна эмгек сиңирген кызматкер” деген наам ыйгарылды. Атазов Улуттук бокс федерациясынын вице-президенти, Кыргызстандын дене тарбиясынын отличниги, ошондой эле кикбоксинг боюнча эл аралык мелдештердин жеңүүчүсү. Буга чейин депутат азыркы тапта кызуу талкууланып жаткан Tiktok социалдык тармагына кандайдыр бир чектөө киргизүү сунушун айткан.
Ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы" менен "Ынтымак" саясий партиясынын депутаттары Лейла Лурова менен Балбак Түлөбаев сыйланышты.






1 |