super.kg logo

"Ата, биз сизди жакшы көрөбүз". Пригожиндин көрүстөнүнө кирүүгө уруксат берилди (фото)

 

Санкт-Петербург шаарындагы Пороховское көрүстөнү зыяратчылар үчүн ачылды. Бул тууралуу орусиялык телеграм каналдар жазышты.

Маалыматка ылайык, дал ушул мүрзөгө Евгений Пригожин коюлган. Пригожиндин мүрзөсүнө коюлган тогуз гүлчамбардын бирин маркумдун балдары калтырышкан. Анда "Ата, биз сизди абдан жакшы көрөбүз. Поля, Паша, Ника" деген жазуу бар. Буга чейин Пригожиндин эки баласы Полина менен Павел бар экени белгилүү. Ал эми Ника деген ким экени белгисиз.

Ошондой эле көрүстөнгө "Вагнерчилердин" атынан дагы гүлчамбар коюлган.

Эске салсак, 23-августта Тверь облусунда "Вагнердин" негиздөөчүсү Пригожинге караштуу учак кулап түшкөн. Ичиндеги он адамдын баары каза болгон. Росавиация жүргүнчүлөрдүн тизмесинде Евгений Пригожин да болгонун жарыялаган.

Кийинчерээк Пригожиндин сөөгү өлүкканадан таанылганы айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: