super.kg logo

Баткенде Кыргыз мамлекетин түптөгөн улуу инсандар эскерилди  

 

Бүгүн, 31-августта Эгемендүүлүк күнү Баткенден чыккан, өлкөнүн көз карандысыздыгына жетишүүсүнө салым кошкон, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер Исхак Раззаков, Абдыкадыр Орозбеков,Мурат Салихов,Абсамат Масалиевдердин эстелигине гүл чамбарлар коюлуп, эмгектери эскерилди. Бул тууралуу SUPER.KG порталына президенттин Баткендеги өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалымдалгандай, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Жаратылыш ресурстары,экология жана техникалык көзөмөл министри Мелис Турганбаев жана жергиликтүү жетекчилер катышып, улуу инсандын арбагына багышталып Куран окулду.

Жетекчилер кыргыз элинен чыккан улуу инсандардын Кыргыз мамлекетин куруудагы, түптөөдөгү эбегейсиз эмгектерине таазим этип, бата кылышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: