Садыр Жапаров Ош кыргыз драма театрына барды (сүрөт)








Бүгүн, 31-августта өлкө башчы Садыр Жапаров Эгемендүүлүк күнүнө карата майрамдык иш-чаралардын алкагында Ош кыргыз драма театрына барды.
Президенттин басма сөз кызматынан билдиргендей, сапардын алкагында мамлекет башчысы театрдын ишмердүүлүгү менен таанышып, таш экспозицияларды көрүп чыкты. Ошондой эле Эгемендүүлүк күнүн майрамдоонун алкагында театрда өтүп жаткан Кыргызстан элинин ассамблеясынын маданий борборлорунун "Ош - достук шаары" көргөзмөсүнө барды.
"Бул жерде президент Жапаров Кыргызстан элинин ассамблеясынын атынан келген ар башка элдин аксакалдары менен баарлашып, алардын каалоо-тилектерин, акыл-насааттарын угуп, аларды Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бекем ден соолук жана узун өмүр каалады. Мамлекет башчысы өсүп келе жаткан муундарды ата-бабадан калган каада-салтты жана үрп-адаттарды урматтоого, асылдыкка жана мекенчилдикке тарбиялоодогу аксакалдардын татыктуу ордун баса белгиледи", - деп айтылат маалыматта.
Андан соң Садыр Жапаровго түрдүү экспозициялар көрсөтүлгөнү кошумчаланды.




