Бүгүн, 31-август Эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгын майрамдоого байланыштуу "Ала-Тоо" аянты жабылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө коопсуздукту камсыздоо максатында "Ала-Тоо" аянты саат 17:00дөн 00:00гө чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейин жабылат.

"Урматтуу айдоочулар! Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана каттамды алдын ала пландап алууну суранат", - деп билдиришти мэриядан.