Акылбек Жапаров Президенттин кубогуна арналган мелдештердин финалына күбө болду (фотобаян)







Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча Президенттин кубогунун алкагында мелдештердин финалына катышты.
Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, Жапаров өз сөзүндө Ош шаарында эгемендүүлүктүн майрамына карата бир катар өзгөрүүлөр болгонун белгиледи.
"Калаадагы Масалиев проспекти оңдолду. Масалиев менен Навои көчөсүндө уникалдуу жер үстүнөн киши өтмөк салынып, шаарга көрк кошуп калды. Башкысы – биз Ош шаарында таза суу маселесин чечтик”, - деди өкмөт башчы.
Ал ошондой эле Кыргызстандын спортчулары дүйнөлүк алдыңкы рейтингдерге чыгып жатканын жана бул тармакка мамлекеттик колдоо көрсөтүлүп жатканын кошумчалады.
Белгилей кетсек, Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча Президенттин кубогунун алкагында мелдештер 28-августтан бери өтүүдө.




