super.kg logo

Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

 

Бүгүн, 31-августта экс-президент Сооронбай Жээнбеков кыргызстандыктарды Эгемендүүлүк майрамы менен куттуктады. Ал куттуктоосун Фейсбук социалдык тармагындагы расмий баракчасында жарыялады.

Экс-президент Жээнбековдун куттуктоосунун толук тексти төмөндөгүчө:

"Урматтуу мекендештерим!

Ар бириңиздерди Кыргыз Республикасынын көз карандысыздык күнү менен чын ниетимден куттуктайм!

Бүгүн – мамлекетибиздин азаттыгын, элибиздин эркиндигин, жерибиздин бүтүндүгүн кайра даңазалаган, 3000 жыл мурун башталып, кээде басаңдап, кээде күчөп келген ата-бабаларыбыздын улуу көчүн кайра улаган улуу күн! Ак мөңгүлүү тоолорубуз, көк шиберлүү жерлерибиз, көз суктанткан көлдөрүбүз өзүбүзгө кайра насип болгон күн! Эң бийик дөөлөтүбүз катары өлкөдөгү бардык урууларды, улуттарды, ар кыл саясий күчтөрдү, бардык саясатчыларды бир түндүктүн алдына бириктирген күн!

Көз карандысыздыгыбыз кылымдардан кылымдарга түбөлүк сакталып, муундан муундарга мурас болуп өтүп турсун! Керемет жерибизде урпактарыбыз бактылуу турмуш уласын! Элибиз ар дайым аман, жергебиз дайыма тынч болсун!

Эгемен Кыргызстаныбызды Жараткан Кудайым өзү колдосун!".

Ошондой эле ал Ош шаарында өтүп жаткан расмий иш-чараларга да катышты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: