super.kg logo
  Спорт  

Президент аламан байге ат чабышынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырды

 

Бүгүн, 31-августта президент Садыр Жапаров Ош облусундагы Төлөйкөн ипподромунда өлкөнүн эгемендүүлүгүнүн 32 жылдыгына карата уюштурулган аламан байге ат чабышынын жеңүүчүлөрүн салтанаттуу түрдө сыйлады. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгиленгендей, президент алыскы аралыкка ат чабуунун катышуучуларын жана бардык келгендерди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктап, бул күнү ат оюндары боюнча президенттин кубогун өткөрүү жалпы Кыргыз эли үчүн жакшы салтка айланганын белгиледи.

Жапаров Ош облусунун ипподрому бүгүнкү күндө миңдеген адамдарга толуп турганын белгилеп, муну менен улуттук ат оюндарынын ар бир жигиттин жашоосундагы ордун ырастады.

Көчмөн кыргыз эли эзелтеден жылкыны баалап келген, алар бүгүнкү күнгө чейин элибиздин турмушунун ажырагыс бөлүгү катары эсептелинет. Кошумчалай кетсек, кыргыздар байыртадан бери эле улуттук спорттун түрлөрүн күнүмдүк турмушуна жигердүү аралаштырып келет, анын максаты келечек муундарды чыдамкайлыкка, эрдикке, баатырдыкка, күрөшкө жана ар-намыска тарбиялоо болгон.

Садыр Жапаров белгилегендей, ата-баба салтын улай бүгүн Эгемендүүлүк күнүнө карата спорттун улуттук түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлүп, анда эң күчтүү жана татыктуу күлүктөр 32 чакырым аралыкты басып өтүп, марага жетишти.

Сөзүнүн аягында өлкө башчысы ата-бабалардын ыйык салтын улантып келе жаткандарга ыраазычылык билдирип, улуттук оюндарыбыз өнүгүп, дүйнөгө таанымал болушун каалады.

Ошондой эле президент Садыр Жапаров "Достук" жана "Ынтымак" командаларынын ортосундагы көк бөрү боюнча Кыргызстандын президентинин кубогунун финалдык беттешине күбө болду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: