super.kg logo

Бишкекте дагы бир мектептин директору акча талап кылып кармалды

 

Бишкектеги мектептин биринин директору окууга кабыл алууда мыйзамсыз акча каражатын талап кылганга шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 1-сентябрда УКМКнын маалымат кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, УКМК директордун окуучуларды кабыл алуу жана которуудан түшкөн каражатты алууда мыйзамсыз схема уюштурган фактыларын аныктаган.

Ага ылайык, алардын аракеттерин мыйзамдаштыруу максатында окуу жайдын администрациясынын талап кылуусу боюнча ыктыярдуу-милдеттүү түрдө демөөрчүлүк жардам иретинде 30 миң сомдон 100 миң сомго чейин акча каражаты депозитке салынган. Алардын мындай максаттар үчүн түзүлгөн коомдук бирикменин учурдагы эсеби президенттин № 136 Жарлыгына да карама-каршы келет.

Аталган факты боюнча, 30-августта атайын эсепке 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты салынганын тастыктаган документтердин негизинде борбор калаадагы мектептердин биринин директору Т.Ч.Д. кармалып, УКМКнын СИЗОсуна киргизилди.

Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында зарыл чаралар көрүлүп, анын ичинде бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, буга чейин УКМК тарабынан балдарды 1-класска кабыл алууда мектептердин биринин директору акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: