super.kg logo
  Саясат  

"Жигит, кармабай ойно". Садыр Жапаров оюн учурунда Карлес Пуйолго кайрылганын айтты

 

Бишкекте 30-августта өткөн "Барселона" легендалары менен "Азиянын легендалары" оюнунда өлкө башчы Садыр Жапаров дагы талаага чыккан.

Өлкө башчы биринчи бөлүк аяктап калганда алмашууга кеткен. "Кабар" маалымат" агенттигине берген маегинде Садыр Жапаров эмне үчүн алмашууга кеткенин айтты.

"Эки таймды тең аягына чейин ойносом деле чарчамак эмесмин. Чыгып кеткенимдин себеби мени Пуйолго кайтартып коюшуптур. Оюнду байкасаңар жанымдан чыкпай койду. Анысы аз келгенсип чабуулга өтөрдө билектен бекем кармап алды. "Э-э-й жигит, кармабай ойно" деп күлүп кайрылсам, "sorry-sorry" (кечиресиз) деп күлүп коёт. Кайра эле кармап алат. Кыскасы "Барселонанын" балдары жолдоштук беттешүүдө эмес, кадимки чемпионаттарда ойноп жаткандай аябай чоң жоопкерчилик менен ойноп жатышты. Анан элестетиңиз футболдун легендасы болсо, менден 10 жаш кичүү жаш бала болсо мени ойнотмок беле? Ошол үчүн менин ордума жаш балдар кирсин, бир аз да болсо командага күч кошот деген ой менен эле чыгып кеттим да, жаш балдарды киргиздик. Бирок баары бир "Барселона" деген Барселона да. 3:0 менен утулдук. Дагы жакшы мен тилеп жаттым эле, баскетболдук эсеп менен жеңилбесек экен деп", - деген Жапаров.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: