super.kg logo

Бишкекте Казакстанда киши өлтүрүүгө шектелип кармалган жаран кайра качкан. Ал Тунгучтан кармалды (видео)

 

Адам өлтүрүүгө, ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген коңшу мамлекеттин жарандары Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 29-августта Бишкекте Казакстандын Жамбыл облусунун 2000-жылы туулган Ш.М. аттуу тургуну менен Акмола облусунун 1995-жылы туулган А.Д. аттуу жараны кармалган.

Ш.М. аттуу жаранга “адам өлтүрүү” жана "ден соолукка оор залал келтирүү" беренеси менен кылмыш иши козголуп, ал качып кеткендиктен эл аралык издөөдө жүргөн. Ал алгач 21-августта Бишкектеги соода борборлорунун биринин аймагынан табылган. Бирок ошол эле күнү кечинде аны медициналык мекемеге экспертизадан өткөрүү үчүн алып келишкенде качып кетүүгө үлгүргөн. 29-августта казак жараны Тунгуч кичи районунда ижарага алган батиринде кармалган.

Ал эми 1995-жылы туулган А.Д. аттуу жаранга "Ден соолукка атайылап оор залал келтирүү, кокустуктан жабырлануучунун өлүмүнө алып келүү” менен кылмыш ишин козголуп, издөө жарыяланган. Алынган маалыматтарга караганда, бул жаран мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүп, Бишкек шаарынын аймагында жашырынып жүргөн. Издөөдө жүргөн казакстандык Жал кичи районунун аймагында ижарага алган батиринен кармалган.

Учурда кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга киргизилген.










видео

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: