super.kg logo

Бишкекте бир жумада мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн 4-мектеп директору кармалды

 

Бир жуманын ичинде Бишкектеги билим берүү мекемелерине окуучуну кабыл алууда мыйзамсыз акча талап кылгандыгы үчүн 4-мектеп директору кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 2-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалымдалганлай, кечээ, 1-сентябрда окуучуну башка мектепке которуу маселеси оң жагына чечилиши үчүн 5000 сом өлчөмүндө акча каражатын алган борбор калаадагы мектептердин биринин директору А.Г. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

УКМК президенттин ушул жылдын 26-майындагы №136 “Балдардын акысыз билим алууга укуктарын ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө” жарлыгына ылайык, мектептерде, мамлекеттик билим берүү уюмдарында мыйзамсыз акча чогултууга жана ар кандай коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынат жана бардыгы Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинен камсыздала турганын эскертет.

Буга байланыштуу УКМК билим берүү мекемелеринин жетекчилерин мыйзамсыз, анын ичинде мектептерде ар кандай коомдук фонддорду түзүү жолу менен акча чогултуу практикасынан баш тартууга жана мындай фактылар үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартыларын кошумчалайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
02.09.2023. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Өтө соонун болуптур, Бишкектин мектеп директорлору өзү Крокодил эле болуп калышкан...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: