super.kg logo

Чоң-Алайда УКМКнын жаңы имараты ишке берилди

 

Кечээ, 2-сентябрда Чоң-Алайда УКМКнын жаңы имараты ишке берилди. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.

Белгилүү болгондой, имараттын ачылышына УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын өздүк курамы жана УКМК ардагерлери катышты.

Маалымдалгандай, Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарында атайын кызматтын бардык имараттары толугу менен жаңыланып бүткөн. Жакынкы арада Ысык-Көл, Нарын, Баткен жана Чүй облустарындагы курулуш иштери да аягына чыгат.

УКМКнын Чоң-Алай райондук бөлүмү буга чейин Советтер Союзу учурунда курулган имаратта иштеп келген. Жаңы имаратта заманбап шарттар толугу менен камсыздалган. Аны курууда мамлекеттик бюджеттен каржы коротулган эмес.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
03.09.2023. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
УКМКаны жети облуска ачып, эми райондорго ача баштадыбы, анан баардык айыл өкмөткө ачып аягында ар бир көчөнүн башында УКМКанын имараттары ачылат го дейм
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: