super.kg logo

ӨКМ куткаруучулары Беларуста "Скала - 2023" машыгуусуна катышууда

 

Беларуста Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин куткаруучу бөлүктөрүнүн биргелешкен аракеттерин координациялоону жогорулатууга багытталган “Скала – 2023” атайын машыгуусу өтүүдө. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалымдалгандай, ага Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Орусия жана Тажикстандын куткаруучулары катышууда.

Аталган машыгууга Кыргызстандын атынан Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун куткаруучулары катышууда.

Атайын машыгуу ядролук жана радиациялык коопсуздук боюнча өтүп, анын жүрүшүндө ЖККУга мүчө-мамлекеттердин куткаруучу бөлүмдөрү өзөктүк объектидеги аварияны жоюу, татаал өзгөчө кырдаалдарда биргеликте чара көрүү иш-аракеттери жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, уюмга мүчө-мамлекеттердин өзгөчө кырдаалдарды жоюудагы биргелешкен аракеттерин, тажрыйбасын жогорулаткан машыгуу Беларустун Борисов шаарында 1-сентябрда башталган болсо 6-сентябрга чейин уланат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: