Эртең Бишкектин бир катар аймагында жарык өчөт

Эртең, 4-сентябрда баш калаанын айрым бөлүктөрүндө жарык убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу "Бишкек электр тармактары" ишканасы маалымдайт.
Маалымдалгандай, электр энергиясы ишкананын жумушчулары трансформатор жабдыктарын, зымдарды оңдоп жана башка иштер менен алектенгендигине байланыштуу үзгүлтүккө учурайт.
Жарык өчө турган аймактар:
- 9:00дөн 16:00гө чейин — 5-кичи районундагы №14 үйдө;
- 9:00дөн 17:00гө чейин — Москва көчөсүндөгү №226 жана № 228 үйлөрдө, Ахунбаев, Кулатов, Оренбург, Лев Лостой, Можайский көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө, Баку, Краснофлот, Витебск, Снегирев тар көчөлөрүндө, Ак-Ордо конушунда;
- 9:00дөн 19:00гө чейин — Фрунзе, Коёнкөзов, Исанов, Абдымомунов, Рыскулов көчөлөрүнүн бөлүктөрүндө;
- 9:30дан 17:00гө чейин — Фучик көчөсүндөгү № 5, №10 үйлөрдө;
- 9:30дан 18:00гө чейин — Алтын-Казык конушунда жарык болбойт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:05
2025-07-05

9:20
2025-07-05
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.