super.kg logo

Казакстанда жаңы беш министрлик түзүлдү

 

Казакстанда жаңы беш министрлик түзүлдү. Бул тууралуу Sputnik Казакстан жазды.

Маалымдалгандай, өлкө президенти Касым-Жомарт Токаев "Казакстан Республикасынын мамлекеттик башкаруу системасын мындан ары жакшыртуу аракеттери жөнүндө" жарлык чыгарган. Ага ылайык, Суу ресурстары жана ирригация министрлиги, Транспорт министрлиги, Туризм жана спорт министрлиги, Маданият жана маалымат министрлиги, Өнөр жай жана курулуш министрлиги түзүлдү.

Ага ылайык, Суу ресурстары жана ирригация министрлиги - суу фондун пайдалануу жана коргоо, суу менен камсыз кылуу жана аны бөлүштүрүү тармактарындагы ыйгарым укуктуу орган болот.

"Маданият жана маалымат министрлиги - маданият тармагындагы функция жана ыйгарым укуктарды аткарат. Мекеме тарыхый-маданий объектилерди коргоо, кинематография, мамлекеттик символдор, архивдик иштер жана иш кагаздары, электрондук документтештирүү жана электрондук архив, креативдүү индустрия жана чыгармачылык эмгектердин натыйжасын коммерциялаштыруу тармагында иш алып барат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Транспорт министрлиги - темир жол, автоунаа, суу транспорттору, соода кемелери, аба мейкиндигин пайдалануу жана жарандык, эксперименталдык авиациянын ишмердүүлүгү тармагындагы ыйгарым укуктуу мекеме.

Өнөр жай жана курулуш министрлиги - индустрия жана индустриянын өнүгүшү, өнөр жай, тоо-кен тармагына жооп берет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: