Акын-жазуучулар Олжобай Шакир боюнча бийликке кайрылды
Жазуучу, публицист Олжобай Шакирдин камалышына байланыштуу коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен журналисттер президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиевге кайрылуу жолдоду. Бул тууралуу маалыматты журналист Аскер Сакыбаева Фейсбук баракчасына жарыялады.
Маалымдалгандай, 100дөн ашык адам кол койгон кайрылууда “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү Олжобай Шакирдин камалышы чоң катачылык болгону жана аны эркиндикке чыгаруу талабы жазылган.
"Улуттук адабиятты өнүктүрүү жана коомду агартуу мүдөөсүн көздөгөн “РухЭш” сайтынын негиздөөчүсү, жазуучу Олжобай Шакирдин камалышы чоӊ катачылык болду. “Бийликти басып алууга чакырган” деген айып чындыкка такыр коошпойт. Тескерисинче, ал улам бир төӊкөрүштү кайталай бергенден оӊолуп кетпейбиз, бүлгүнчүл күчтөрдүн бийликти басып алышына жол койбойлу деп эскертип келген", - деп жазылган кайрылууда.
Мындан тышкары кайрылууда өз оюн ачык айткандарды эл башылар эч качан куугунтуктаган эместигин, жаӊылыш же жалаа кепти жүйө менен, көзгө көрүнөрлүк иши менен эле төгүндөп тургандыгы тууралуу да белгиленген.
"Олжобай Шакирдин камалышы коомчулукта нааразылыкты күчөтүп жаткандыгы социалдык тармактардагы коомдук пикирлерден ачык байкалууда. Ооба, Олжобайды баатыр көргөзүүдөн алыспыз. Бирок бир чындыкка көз жуумп коюу мүмкүн эмес: ал кылмышкер да, коррупционер да, чыккынчы да эмес экендигине кепил боло алабыз. Кошоматчылардын барымтасында калган бийликтин күнү тез эле бүтөрүн буга чейинки үч төңкөрүш далилдебеди беле?", - деп кайрылышкан коомдук ишмерлер, акын-жазуучулар менен журналисттер.
Олжобай Шакир 23-августта УКМК тарабынан кармалган. 24-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны 23-октябрга чейин УКМКнын тергөө абагына камоо чечимин чыгарган.





1 |