super.kg logo

"Акчаңды эки эсе көбөйтүп берем". Бишкекте алдамчылыкка шектүү кармалды

 

Бишкекте алдамчылыкка шектүү 59 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясынан билдиришти.

Маалым болгондой, 26-августта милицияга А.С. аттуу жаран кайрылган. Ал арызында билдиргендей, ушул жылдын февралында А. аттуу жаран ишенимине кирип, "акчаңды эки эсе көбөйтүп берем" деп 25 миң сомун алып, алдап кеткен.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.

Маалыматка ылайык, ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 59 жаштагы М.А. аттуу жаран кармалган. Ал райондук милициянын тергөө кызматына жеткирилип, андан кийин убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Белгилүү болгондой, шектүүнүн ушул сыяктуу 10го жакын алдамчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталды.

"Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан же кандайдыр бир маалыматы бар жарандарды 0(700) 06-03-89 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат", - деп билдиришти мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: