super.kg logo

Эми "Электрондук күндөлүктү" Менин шаарым тиркемесинен да көрүүгө болот

 

"Электрондук күндөлүктү" Менин шаарым тиркемесинен көрүүгө болот. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкектеги муниципалдык бала бакчалардын жана мектептердин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматты санарип форматта алуу үчүн Билим берүү департаментин санариптештирүү долбоорун пилоттук түрдө өткөрүүдө. Аталган долбоор кагаз иштерин азайтат.

Белгилей кетсек, пилоттук долбоор №2, 13, 42, 50, 55, 57, 58, 68, 72, 74, 77, 79, 80, 93, 97, 102 мектептерде ишке кирүүдө.

"Эми ата-энелер жана балдар акысыз Менин шаарым мобилдик тиркемеси аркылуу сабактардын графигин, үй тапшырмаларын, жетишкендиктерин жана катышуу рекорддорун көрө алышат. Мындай пилоттук долбоор "Санариптик технологиялар борбору" муниципалдык ишканасы тарабынан иштелип чыгып, борбор калаанын Ленин районунун айрым билим берүү мекемелеринде өтүүдө.

Эгерде жыйынтык ийгиликтүү болсо, долбоорду андан ары өнүктүрүү жана башка мектептерге жайылтуу жагы каралууда", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: