super.kg logo

Көк бөрү чуусу: Тогуз адамга кылмыш иши козголду

 

Ошто Эгемендүүлүк күнүнө арналган көк бөрү боюнча мелдештен кийинки жаңжалга байланыштуу жалпы 65 киши суракка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда SUPER.KG порталына Ош облустук милициясынан билдирди.

Маалыматка ылайык, алардын ичинен 9 адамга Кылмыш-жаза кодексинин “Бейбаштык” беренеси менен иш козголду. Тогузоонун ичинен бешөө эки айга камакка алынды. Убактылуу кармоочу жайда отурган дагы төрт адамдын бөгөт чарасы бүгүн каралат.

Калган 54 кишиге Укук бузуулар жөнүндө кодекстин “Майда бейбаштык” беренеси боюнча протоколдор түзүлүп коё берилген. Ал эми экөө учурда сурак берүүдө.

Ошондой эле чогултулган видео тасмалардан окуяга катыштыгы барларды тактоо иштери жүрүп жатканы кошумчаланды.

31-августта Президенттин кубогунун финалында "Достук" жана "Ынтымак" командалары кез келишкен. Оюн 2:1 эсебинде "Ынтымак" командасынын жеңиши менен аяктаган. Оюндан кийин көрүүчүлөр нааразы болуп, калыска жана "Ынтымак" командасынын оюнчуларына желим бөтөлкөлөрдү ыргытышып, аларды кубалашкан.

Саламаттык сактоо министрлиги жаңжалда жети адам жаракат алып, алардын бири ооруканага жаткырылганын маалымдаган.

Өз кезегинде УКМК башчысы Камчыбек Ташиев кайрылуу жасап, тополоң уюштуруп, чагым жасагандар кармаларын айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: