super.kg logo

Бишкекте 8 менчик объектилердин тосмолору иретке келтирилди

 

Бишкекте курулуп жаткан объектилер убактылуу тосмолорду иретке келтирүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкекте курулуп жаткан объектилердин айланасындагы убактылуу тосмолордун эстетикалык көрүнүшүн иретке келтирүү уланууда.

Ага ылайык, 8 менчик ээлери тосмолорду иретке келтиришти:

- Фучик көчөсү, 38 дарегиндеги 12 кабаттуу турак үй;
- Орозбеков көчөсү, 43 дарегиндеги мейманкана;
- Горький көчөсү, 33 дарегиндеги көп кабаттуу үй;
- Абдымомунов/Исанов көчөсүндөгү 12 кабаттуу бизнес борбору;
- «СК Авента Строй» ЖЧКсы, Гражданская көчөсү, 24 дарегиндеги жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 9 кабаттуу көп батирлүү турак жай;
- Загорская көчөсүн бойлой өз аймагындагы турак жайлары жана жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жай;
- «Делмар Групп» ЖЧКсы Кийизбаев көчөсү, 32, 34, 36, 38-38а, 40 даректериндеги өз аймагындагы СКБ объектилери бар 12 кабаттуу көп батирлүү турак-жай;
- Салиева, 204 көчөсүндөгү 12 кабаттуу турак жай;

Маалым болгондой, мурда курулган объектилерге убактылуу тосмолорду иретке келтирүү тууралуу билдирүүлөр берилген.

Белгилей кетсек, Бишкек шаары боюнча мамлекеттик архитектура-курулуш көзөмөл башкармалыгы муниципалдык администрациялар менен биргеликте мындай мыйзам бузууларды аныктоо жана бөгөт коюу боюнча тынымсыз иш алып барууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: