super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Айдан кийин Күнгө. Индия Күндү изилдөө үчүн жаңы космостук аппаратын учурду 

 

Индия Күндүн сырткы катмарларына байкоо жүргүзүү жана космостук аба ырайына таасир этүүчү "күн шамалын" изилдөө үчүн космоско "Адитя-Л1" аппаратын учурду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалым болгондой, окуя 2-сентябрда болгон. Аппарат Жерден 1,5 миллион чакырым алыстыкта жайгашкан "Л1 Лагранж" пунктуна конот. Бул Жер менен Айдын ортосундагы аралыктан дээрлик төрт эсе көп, бирок Жерден 151 миллион чакырым алыстыкта ​​турган Күндүн өзүнө чейинки аралыктын жүздөн бир бөлүгүн гана түзөт.

Индиянын космостук изилдөө уюму (ISRO) билдиргендей, "Адитя-Л1" аппаратынын белгиленген аймакка жетишине төрт ай керек. Ошондой эле мекеменин маалыматына караганда, космостук аппараттын баасы болжол менен 46 миллион долларды түзөт.

Эске салсак, буга чейин Индиянын "Чандраян-3" автоматтык Ай станциясы Айдын бетине ийгиликтүү конгон. Муну менен Индия станциясы Айга конгон төртүнчү өлкө, ал эми Айдын түштүк уюлуна конгон дүйнөдөгү жалгыз мамлекет боло алган. Көп өтпөй "Чандраян-3" космостук аппараты Айдан алгачкы илимий маалыматтарды тараткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: