Борбор калаанын муниципалитетинде Бишкек шаарынын мэриясы менен Корея элчилигинин ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду. Бул тууралуу бүгүн, 4-сентябрда мэриядан кабарлашты.

Маалымдалгандай, тиешелүү документке борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров менен Кыргызстандагы Кореянын ыйгарым укуктуу өкүлү Ли Вонджэ кол коюшту.

Бул гранттык долбоордун максаты - муниципалитеттин муктаждыктары үчүн Элчиликти кайтарымсыз негизде техникалык жабдуулар жана автоунаа менен камсыз кылуу аркылуу мэриянын административдик потенциалын жогорулатуу.

"Калаа башчы шаарлар аралык кызматташтыкты тереңдетүүнүн, ошондой эле Кореянын "KOICA" эл аралык кызматташуу агенттиги менен өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп, Бишкек шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн каржылык жардам үчүн ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары шаар башчысы социалдык жана маданий-гуманитардык өнүктүрүү боюнча биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана мындан ары да эки тараптуу жемиштүү кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди.