super.kg logo

Министрликке билим берүүдөгү көйгөйлөр тууралуу 75 кайрылуу келди. Алардын көбү акча чогултууга нааразы болгон (тизме)

 

6 күндө Кыргызстандагы аймактардан билим берүү жаатындагы көйгөйлөр тууралуу 75 кайрылуу келип түштү. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, 28-августтан баштап министрликтин бирдиктүү ишеним WhatsApp каналы (0999800500) иштей баштаган. Ага 3-сентябрга чейин жарандардан 75 кайрылуу келген.

Анын ичинен:

Мыйзамсыз акча каражаттарын чогултуу – 23 (Ош облусунун Кара-Суу шаары, Араван району, Ош шаары, Чүй облусунун Токмок шаары, Чүй району, Жайыл району, Чүй облусу, Дмитриевка айылы, Баткен облусунун Кадамжай району, Ысык-Көл облусунун Түп району жана Каракол шаары, Жалал-Абад облусунун Аксы району жана Жалал-Абад шаары, Нарын облусунун Кочкор району),-Кошумча сабактардын төлөмү – 2 (Чүй облусунун Сокулук району, Бишкек шаарынын Биринчи май району),

Китепти ижарага алуу жана сатып алуу маселеси – 18 (Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун Достук айылы, Майлуу-Суу жана Таш-Көмүр шаарлары, Баткен облусунун Сүлүктү шаары жана Лейлек району, Ош облусунун Кара-Суу районунун Курбан айылы жана Кара-Суу шаары,Талас облусу Ч.Айтматов району жана Талас районунун Таш-Арык айылы, Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Бишкек шаары),

Тамак-аш маселеси – 8 (Жалал-Абад шаары, Ош облусунун Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылы, Баткен облусунун Кадамжай району),

Директордун ишине нааразычылык – 5 (Ысык-Көл облусунун Тоң району, Ош облусунун Ноокат району жана Араван районунун Тоюн айылы, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары),

“Акылман” Президенттик лицейи – 2 ( Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Казарман айылы),

Шаардык жана райондук билим берүү мекемелери -2 (Ысык-Көл облусунун Каракол шаары, Ош облусунун Араван району),

Башка маселелер – 15 (Бишкек шаары, Бишкек шаарынын Ленин, Свердлов, Октябрь райондору, Ысык-Көл облусунун Тоң районунун Тогуз-Булак жана Темир-Канат айылдары, Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаары, Чүй облусунун Панфилов районунун Кайыңды шаары, Токмок шаары, Талас облусунун Талас шаары).

Эске салсак, ишеним whatsApp каналына билим жаатындагы бардык маселелер боюнча конкреттүү фактынын негизинде билдирүүлөрдү калтырса болот. Министрликтен билдиришкендей, чалуулар жана аудио кайрылуулар кабыл алынбайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: