super.kg logo

"Ким ойлоп тапты?". Тургун Бишкекте автобустар үчүн атайын тилкенин пайда болгонуна нааразы болду

 

Бишкек шаарынын тургуну Бекназар Авазбеков шаардагы коомдук транспорттор үчүн атайын тилкенин пайда болушуна нааразы болуп, SUPER.KG порталына кайрылды.

Анын айтымында бул шаардагы унаа тыгынын ого бетер күчөткөн.

"Бүгүн шаардагы Токомбаев көчөсүндө 1 чакырымга чейин жеткен унаа тыгыны болду. Буга себеп аталган көчөдө коомдук транспорт үчүн атайын тилкенин пайда болушу. Бул жолдо буга чейин эле унаа тыгыны көп болуп келген. Эми атайын тилке түшкөндөн кийин ого бетер күчөдү. 15 мүнөттө жетчү жерибизге бир саатта жеттик. Муну ким ойлоп тапты?", - деди ал.

Белгилей кетсек, коомдук транспорт үчүн жол тилкелерин бөлүү Бишкек мэриясы тарабынан сунушталып, ишке ашырылууда.

Өз кезегинде шаар мэри Эмилбек Абдыкадыров бул унаа тыгынын жаратарын, бирок эл акырындык менен коомдук транспортко көнүшү керектигин айткан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
04.09.2023. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бишкек жакпай жатса Баткендин Зардалысына көчүп кете берда
05.09.2023. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Унаанызды уйго коюп, коомдук транспорт менен барсаныз тез жетесиз, арзан жана абаны ашыкча булгабайсыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: