super.kg logo
  Саясат  

Дүйнөлүк банк Кыргызстандагы ири долбоорлорду каржылоого даяр экенин билдирди

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Навид Накви менен жолугушту.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиргендей, жолугушууда тараптар Дүйнөлүк банктын 2024-2028-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы алкактык программасын, Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын ортосундагы макулдашууну, энергетика тармагын өнүктүрүү жана Digital CASA долбоору тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

"Акылбек Жапаров Дүйнөлүк банк Кыргызстанга өнүгүүнүн бардык негизги багыттары боюнча олуттуу колдоо көрсөткөн, жеткиликтүү жана ийкемдүү каржылоону, техникалык жана экспертизалык колдоо жагынан ишенимдүү өнөктөш экенин билдирди.

Ал эми Навид Накви Дүйнөлүк банк Кыргызстандын энергетика, таза суу, ирригация жана айыл чарба тармактарындагы ири долбоорлорду каржылоого даяр экенин белгиледи", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: