super.kg logo

Министрлик 8-класстын окуучуларын алдын ала тестирлөөдөн өткөрүүнү сунуштады

 
Кечээ, 4-сентябрда PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдыктардын жүрүшү боюнча кеңешмеде Билим берүү жана илим министрлиги 8-класстын окуучуларын алдын ала тестирлөөдөн өткөрүүнү сунуштады. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө министр Каныбек Иманалиев быйыл 8-класстын окуучуларын 1-чейректи жыйынтыктоодо, март айында жана окуу жылынын соңунда алдын ала тестирлөөдөн өткөрүүнү сунуштады. Иманалиев тесттин суроолорун кыргыз тилине так которуу зарыл экендигине басым жасады.
Ал эми кеңешменин катышуучулары мугалимдердин PISA боюнча маалыматынын төмөндүгүн белгилешти. Ошондой эле министрлик жакынкы аралыкта шаарлардын жана райондордун билим берүү бөлүмдөрдүн, башкармалыктарынын жетекчилери жана мектептердин директорлору менен мугалимдерге сынак тест боюнча тренинг-семинар өткөрө турганы белгилүү болду.
Эске салсак, Кыргызстан 2025-жылы окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасына катышат. РISA (Programme for International Student Assessment, PISA) – окуучулардын билим жетишкендиктерин баалоонун эл аралык программасы. Аны 2000-жылдан бери Экономикалык кызматташуу жана өнүктүрүү уюму (OECD) ар үч жылда бир жолу өткөрүп келет.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: