Ысык-Көл облустук милиция кызматкерлери жат жазуу жазышты





Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери кыргыз тили боюнча жат жазуу жазышты. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-сентябрь мамлекеттик тил күнүнө карата Ысык-Көл ОИИБинин борбордук аппаратынын өздүк курамы кыргыз тилинен жат жазуу жазышты. Аталган иш-чара башкармалыктын мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча комиссиясынын демилгеси жана Касым Тыныстанов атындагы ЫМУнун кыргыз тили жана адабияты факультетинин окутуучулар курамынын колдоосу менен биргеликте өткөрүлгөн.
Алар "Кыргыз тилин билүүдөгү атаандаштыкка жөндөмдүүлүк" темасында жат жазуу жазышканы айтылат.
"Жат жазуунун тексти Чыңгыз Айтматовдун "Эрте келген турналар" повестинен үзүндү болду. Анткени анда кыргыз тилинин эрежелерин билүү боюнча орфография бар. Анын жыйынтыгы мамлекеттик тил күнүнө арналган иш-чарада жарыяланат", - деп жазылат анда.
