super.kg logo

Европада жана Борбор Азияда абанын булганышынан жумасына 90дон ашык ымыркай каза болот

 

Европада жана Борбор Азияда абанын булганышынан жумасына 90дон ашык ымыркай каза болот. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда ЮНИСЕФ расмий баракчасында жарыялады.

Маалым болгондой, Европада жана Борбордук Азияда 2019-жылы абанын булганышына байланыштуу 5,8 миңден ашык балдар жана өспүрүмдөр каза болушкан. Бул жумасына 90 ымыркайдын каза болушуна барабар.

"Абанын булганышы жөнүндө сөз болгондо, кичинекей ымыркайлардын өпкөлөрүнө күч келет. Ал балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө зыян келтирип, кээде алардын өлүмүнө алып келет", - дейт ЮНИСЕФтин Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык директору Регина де Доминисис.

Изилдөөгө ылайык, абанын булганышына кабылган балдар, өзгөчө бөбөктөр жана жаш балдар үчүн коркунучтуу болгон пневмония сыяктуу курч респиратордук инфекцияларга кабылуу тобокелдиги жогору.

"Булганган аба менен дем алуу балдардын өпкөсүнө зыян келтирип, астма, өнөкөт респиратордук жана жүрөк-кан тамыр ооруларына, анын ичинде рактын көбөйүшүнө алып келет. Абанын булганышы балдардын мээсине зыян келтирип, натыйжада кийинчерээк неврологиялык ооруларга алып келиши мүмкүн", - деп айтылат баяндамада.

Ошондой эле баяндамада балдар чоңдорго караганда абанын булганышына физикалык жактан көбүрөөк дуушар болору, буга алардын көбүнчө ооз аркылуу дем ала турганы себеп экени айтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.09.2023. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бишкек биринчи оорунда экенин унутуп калдынарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: