super.kg logo

Мэрия: "Кийинки жылы Бишкектин борборунда жалаң автобустар каттап калат"

 

Бишкекке 1300 жаңы автобус алып келинери менен кичи автобустар каттамын токтотот. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда SUPER.KG порталына борбор калаанын мэринин орун басарынын милдетин аткаруучу Максатбек Сазыкулов билдирди.

Анын айтымында, 2024-жылдын биринчи кварталында Бишкекке 1 300 автобус алып келинет.

"Бишкектин керектүү көлөмү кичи автобустарды кошпогондо, 1 300 автобусту түзөт. Анын миңи президенттин жардамы менен алынса, калган 300үн долбоордун жардамы менен алабыз. Ушул жылдын аягына чейин 800 автобус келсе, калганы кийинки жылдын биринчи кварталынын аягына чейин келет. Албетте, жаңы автобус келгендиктен кичи автобустар четке чыга баштайт. Бишкектин негизги бөлүгүндө жалаң жаңы автобустар каттап калат", - деди Сазыкулов.

Мэрдин орун басарынын милдетин аткаруучу жаңы келе турган жүргүнчү ташыган транспорттор заманбап жана ыңгайлуу болорун белгиледи. Ошондой эле автобустар экологиялык жактан таза болуп, газ же электр энергиясы аркылуу жүрөт. Сазыкулов мындай аракет менен Бишкектин ыш маселесине да көңүл бурулуп жатканын айтты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: