super.kg logo

Бишкекте райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды

 

Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам кызматкери кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда УКМКдан билдиришти.

Маалымдалгандай, Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынын 5-шаардык бөлүмүнүн ыкчам кызматкери М.А.М. кармалды.

Ага ылайык, кармалган шектүү баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен биргеликте, Телеграм жана Вотсап социалдык мессенжерлеринде белгилүү чаттарды түзгөн. Ага байланыштуу ал жарандардан мыйзамсыз түрдө баңги затын алуу боюнча мурда кылмыштуу топтун мүчөсү болгондугу аныкталган.

"Жогорудагы кызматкер, бул мессенджерлерди колдонуу максатында баңги затын сатып алууну көздөгөн адамдарды атайылап кармашкан. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартуу шылтоосу менен шантаж кылып, кылмыш жоопкерчилигине тартам деп коркутуу жолу менен 500дөн 5 миң долларга чейин акча каражатын талап кылган", - деп айтылат маалыматта.

Кармалган М.А.М. Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун чечими менен УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Учурда жогоруда көрсөтүлгөн мыйзамсыз аракеттерге катыштыгы бар делген ИИМдин башка кызматкерлерине карата, кылмыш жоопкерчилигине тартуу максатында ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

"Ушул сыяктуу кылмыштарга кабылган жарандар УКМКнын (0312) 66-04-75 жана 0708 72 28 01 телефон номерлерине кабарлап коюуңуздарды суранат.

Анонимдүүлүккө кепилдик берилет", - деп кошумчалады мекемеден.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
05.09.2023. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Байкуш А. М кармалыптырда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: