super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Подполковниктин жаркын элесине арналып спорттук мелдеш өткөрүлдү

 
Бүгүн, 30-октябрь күнү Жалал-Абадда мектеп окуучуларынын арасында кыргыз милициясында кызмат өтөп, өмүрүнүн аягына чейин кылмыштуулук менен күрөшкөн милициянын подполковниги Мамашев Мухаммед Самарбековичтин жаркын элесине арналып мелдеш өткөрүлдү. “Спорт, ынтымак, достук” деген ураан астында өткөн мелдешке шаардын 21 мектебинин жана Сузак районунан келген 1 мектептин командалары катышты. Окуучулар спорттун 11 түрү боюнча күч сынашты. Жыйынтыгында мыкты спорттук командалар аныкталып, жеңүүчүлөр баалуу сыйлыктар менен сыйланышты. Ошондой эле Жалал-Абад ОИИБинин башчысынын орун басары, милициянын полковниги Арыков Жаныбек Алагозович келе жаткан кыргыз милициясынын 88 жылдык мааракеси менен милиция кызматкерлерин жана ардагерлерин чын дилинен куттуктады.  





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: