Алмамбет Шыкмаматов жаңы кызматка дайындалды
Алмамбет Шыкмаматов мамлекеттик ипотекалык компаниянын төрагасы болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 5-сентябрда аталган мекемеден билдиришти.
Маалым болгондой, буга чейин Аида Төлөгөнова бул кызматты аркалап келген. Ал башка жумушка дайындалганына байланыштуу кызматтан кеткен.
"Төлөгөнова мамлекеттик ипотекалык компанияны жетектеп турганда "Менин үйүм 2021-2026" турак жай программасын ишке киргизип, бюджеттик тармактарда иштегендерге 4 пайыз ипотека менен жүздөгөн үй-бүлөлөр турак жайлуу болушту. Компаниянын иши толук түрдө санариптешип, электрондук кезек киргизилди", - деп жазылат маалыматта.
Алмамбет Шыкмаматов 2010-жылы Мамлекеттик каттоо кызматынын төрагасы, 2011-жылдын мартынан декабрына чейин Эсеп палатасынын аудитору болуп иштеген. 2011-жылдын декабрынан 2015-жылдын февралына чейин Юстиция министри болгон.
2021-жылы Кыргызстандын Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болсо, 2022-жылдан бери Жогорку Кеңештин "Ынтымак" фракциясынын курамында.
Ошондой эле Шыкмаматов "Бишкек" СЭЗде жетекчилик кызматты аркалаган.
