super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров Түркиянын акыйкатчысы менен адам укуктарын коргоону талкуулады

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-сентябрда Кыргызстанга сапар менен келген Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкочту кабыл алды. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.

Тараптар эл аралык укуктун жалпы таанылган принциптеринин жана ченемдеринин негизинде адам укуктарын коргоо жаатында эки тараптуу кызматташтыкты активдештирүү маселелери боюнча пикир алмашты.

Мамлекет башчысы Түркиянын башкы омбудсменинин Кыргызстанга жасаган сапары учурунда эки өлкөнүн акыйкатчы институттарынын ортосунда байланыш түзүп, тажрыйба алмашуу ниетин канааттануу менен баалады.

Президент Садыр Жапаров эки өлкө ортосундагы стратегиялык кызматташтык жана бир туугандык мамилелер күн сайын бекемделип жатканын белгилеп, Шереф Малкочтун мамлекеттик кызматтагы бай тажрыйбасы Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы эки тараптуу карым-катнаштардын мындан ары да бекемделишине олуттуу салым кошот, деген ишенимин билдирди.

Өз кезегинде Түркиянын башкы омбудсмени Шереф Малкоч Садыр Жапаровго меймандостугу үчүн ыраазычылык билдирип, өлкө президенти Режеп Тайып Эрдогандын жолдогон саламын айтты.

Ал боордоштуктун негизинде динамикалуу өнүгүп жаткан эки тараптуу мамилелерди белгилеп, адам укуктарын коргоо жаатында өнөктөштүктү күчөтүү зарылдыгын белгиледи.

Шереф Малкоч сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн акыйкатчыларынын ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү жөнүндө кол коюлган меморандум тууралуу маалымдап, өз ара сапарларды жасоо жана тажрыйба алмашуу жолу менен кыргыз кесиптештери менен тыгыз өз ара аракеттенүүгө даяр экендигин билдирди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: