super.kg logo
  Спорт  

Жактыбы? Кыргыз курамасынын Азия оюндарына кие турган формасы жарыяланды

 

Кыргыз курама командасынын Азия оюндарына кие турган параддык жана спорттук экипировкасы даяр.

Белгилей кетсек, 23-сентябрдан 8-октябрга чейин Ханчжоу шаарында (Кытай) XIX жайкы Азия оюндары өтөт. Ага Кыргызстандан 230дан ашуун киши катышат.

Аталган оюндардын салтанаттуу ачылыш аземине жана машыгууга кие турган Кыргызстан курама командасынын параддык жана спорттук экипировкасы даяр болду.

Параддык форманы курама команда 23-сентябрь күнү Азия оюндарынын ачылыш аземинде кийип чыгат. Параддык жана спорттук экипировканы Азия оюндарынын демөөрчүлөрүнүн бири болгон “361” компаниясы даярдады.

Жалпы экипировка 13 элементтен турат: атайын параддык форма, спорттук форма, жеңил куртка, футболкалар, рюкзак, сүлгү, чемодан.

Эске салсак, экипировканы Дене тарбия жана спорт департаменти, Улуттук Олимпиада Комитети менен биргеликте “361” компаниясы менен келишим түзүп, атайын даярдалган дизайндын негизинде акысыз алды.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: